айыпкер
- Айыптуу, күнөөлүү, кылмыштуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ «Аш берген киши айыпкер, / Той берген киши кылмышкер»,- / Байыркынын кеби экен».
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ашка келчү кишинин, / Маа бергиле бийлигин, / Таанытайын дүйнөгө, / Байлык менен эрдигим,- / Анда Кошой муну айтты: / — Үрбү менен Бокмурун, / Аш берген болот айыпкер, / Кылмыштуу болот күнөөкөр, / Биз ошонун бирибиз, / Алды менен табалы, / Аш берчү кайсы жерибиз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…рыкча алтоо кекенип, / Алдына барып аларга, / Айтаар сөздүн дайыны жок, / Алардын көрүп караанын, / Аркасында аскердин, / Арбын көрүп адамын, / Аш берген болуп айыпкер, / Артып алып жөнөдү, / Алтын-күмүш тапканын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ушулардын ичинде, / Айыпкерсиң баарыңар, / Айтчы теги ким кылдың?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →