айынан

китептерде 21 жолу, 8 китепте
  1. Себебинен, азабынан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чыгыш жагы Ооганга, / Чабааган кылып бир бала: / “Силерден тартып Сомбилек, / Алып кеткен Тынымкан, / Өлүп кеткен Бакдөөлөт, / Тынымкандын айынан, / Чигитей деп бир бала, / Тынымкандан туулган, / Чыйрак чыкты кыргыздан, / Моңгул менен кытайга, / Күн бербей салды чуулган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Олпоктон канча өйдө тон, / Мындай кийим болбогон, / Айдаркан айаш атасын, / Алмамбет көрдү ал тойдон: / — Алтымыштын айынан, / Ажырап кеттим мен болсом, / Көкчө кийип койсун — деп, / Алмамбет ага жолдогон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчоронун айынан, / Тай буурулду мен бердим. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Колго түшүп Гүлчоро, / Жаман аттын айынан, / Далысынан кестирди, / Капталынан тештирди, / Арамдык кылып Канчоро, / Айчүрөктү олжого, / Жедигерге кетирди, / Чачыкейди өзү алып, / Айабай чайкап кесирди, / Олуйа Бакай карыга, / Төө кайтартып жөө койуп, / Жамандыкты жеткирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Жетимчиликтин айынан бул көрбөгөн азап, жүрбөгөн жер кечпеген суу калган эмес. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →