айым
- Зайып, аял, жар (кадырлап, урматтоо иретинде).
- Аялдарга карата сылыктык менен, урматтоо менен кайрылуунун формасы.
- Сулуу аял, жар, селки, колукту.
- Какшыктуу. Жатып ичээр аял.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жообуңду бергин, Кененим, / Барсаң дагы, барбасаң, / Калың казак журтума, / Болжоп келген күнүм бар, / Айтып келген айым бар, / Алдыңа келген Аккубак, / Мына мындай жайым бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алдында кеттиң сен экөөң, / Дөрбөндү алып таң / кетти, / Салышып жүрүп кыргызга, / Айым менин нак кетти, / Жанымда калбай жалгыз жан, / Чубап Каңгай ал кетти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ктын ичинен, / Биригип даам ичишти, / Анда Ажыбай муну айтат: / — Хан чакырар ишим бар, / Катуу кыйын жумуш бар, / Барыдан мүшкүл бир иш бар, / Аркандап келген айым бар, / Айтышып койгон жайым бар, / Күрмөшүп келген күнүм бар, / Күүгүм болжор түнүм бар, / Күрмөөсү жиптин чечилер, / Көк жалга барсам кечигип, / Күнөөмдү кайд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Мен Турум падышанын баласымын, Рум падышанын Каракөз айым деген кызын издеп келатамын, – дейт бала.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Үйүнө жетерге бир күн калганда кандын вазири Чыныбектин Айымсулуусуна келип:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →