айылчыла
- Айылга же тааныштардын, жакын адамдардын үйлөрүнө меймандап, айылдап баруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айылчылап барсаң, ал эркиң, / Абийирин бирөөн ачам деп, / Ат бастырып барбагын, / Бүгүн-эртең басам, деп, / Ашыгып дүрбөөн салбаймын, / Өзү эле келет тийишип, / Өкүмсүп …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ажыкеңдин Карткүрөң, / Ал аттарда жок эле, / Айылчылап Ажыбай, / Анжыйан минген кеп эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…тырың, / Катуу уктап ойгонбой, / Эр Чубактан найза жеп, / Карбаластайт не мынча, / Катылган жоосу кайда, деп, / Айманбоз минип албайып, / Эки этеги салбайып, / Айылчылап жүргөндөй, / Жай баракат бастырып, / Кайкыга чыга барыптыр, / Алдындагы чуу-чууну, / Арстаның карап калыптыр, / Ашыкпастан мелтиреп, / Абдан байкап алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жыргалга баткан кыргыздар, / Айылчылап сыйлашып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Бир күнү Султаналы менен Умсунай экөө дагы айылчылап кеткенде, Мырза Айжамалдын астына барбактап тасторконду жайып, түрдүү оокатты жайнатат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →