айылдаш
- Айылы бирге, бир айылдык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Семетейдин т ушунда, / Жоодарга болдук айылдаш, / Бирге жүрдүк караандаш, / Жакшы-жаман күндөрдө, / Чогуу болдук аралаш, / Кереге жайып үй тиктик, / Бир жылгага чамалаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Перенжемди башымдан, / Алып таштап киремин, / Кыргыздар тартпайт перенже, / Айылдаш жүргөм билемин, / Жолумду ачса кудайым, / Алты жыл болду сагындым, / Эрдин жытын, Беттибет, / Бекбачага тийейин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Барганда Тору ат айлына, / Медеркан, Көкөй кайгыда, / Карбаластап дүрбөшүп, / Калбай келди кары-жаш, / Алтымыш уруу алашта, / Нечени бар айылдаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Казак-кыргыз чамалаш, / Калган элдер аралаш, / Калмак менен айылдаш, / Капалда жатчу көп алаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алике менен Сатике, / Эртең көчүп барышсын, / Айылдаш бирге конгула, / Кеңеште бизде болгула!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →