айыл-апа
- Бир айылдаштар; айыл ичи.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айыл-апа жандардан, / Келин-кызы барлардан, / Чакыртып келип андайдан, / Айуу талпак алдырып, / Ала кийиз салдырып, / Тикмелерин ачтырып, / Түрлөмөсүн жаздырып, / Бурчу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арстандан калган туйак деп, / Бакайдын айыл-апасы, / Атынан жулуп алышып, / Астына килем салышып, / Абдан сөзгө канышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Калмак менен казактар, / Алооке, Шоорук тушунда, / Айыл-апа коңшу жүрүптүр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →