айыгыш

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Өчөгүшүү; эрегишип касташуу, өжөрлөнө каршылашуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ата мурас абалтан, / Айыгышып келаткан, / Манжу, моңгул – экөө бар, / Кээде душман кээде тим, / Ал экөөнөн калгандар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алда канча алп менен, / Айыгышып чарчашты, / Арыды бекен Кененим? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алоокенин Коңурбай, / Чыгарбай суудан алам деп, / Айыгышып турганда, / Алтын Айдар чок бел боо, / Атанган Алмаң эр ошо, / Капкайда жүрүп көрүптүр, / Айманбоз жайын билүүчү, / Суудагы аккан Манас деп, / Көңүлүн баатыр бөлүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кары катуу эл деген, / Намысын колдон бербеген, / Жаман айтпай бирөөнү, / Мунайым сүйлөп жүйөлүү, / Адамдык кепке сындырган, / Айыгыштан адамга, / Арылгыс жаман шор кылган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
турабы, / Каныкей менен Бакайдын, / Абдан дайнын сурады, / Тыргоотон келеген Саламат, / Жаш экенсиң, кулунум, / Акылыңа ырхамат, / Ак калпак кыргыз журтуна, / Айыгышсаң кол салып, / Айкөл Манас арбагы, / Дегеле тирүү куткарбайт, / Жарашыпсың Гүлүскө, / Сага сулуу табылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →