айчык

китептерде 25 жолу, 7 китепте
  1. Айдын кичирейтилип айтылышы, б.а., жаңы туулган ай.
  2. Жарым ай түрүндө тууга ж.б. кооздолуп сайылган сайма же тартылган сүрөт. Ал көпчүлүк мусулман өлкөлөрүнүн мамлекеттик эмблемасы.
  3. диал. Кооздолуп жасалган кийимдин бир түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бол Орунбай кат жаз — деп, / Кат жазганда бат жаз — деп, / Атамдан калган алтын мөөр, / Айчыгын анык келтирип, / Айагына бек бас — деп, / Карбалас катты жаздырып, / Алтындан мөөрүн бастырып, / Ысыккөлдө ээлеген, / Кыргыз, казак аралаш, / Ирегелеш жердеген, / Баш кишиси Медербек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сайган айчык кызыл туу, / Чапчый колго кармады, / Чуу болот деп айылда, / Бастырып жөнөп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Саламат менен Ачакан, / Жылдыз чыкпас күн тийбес, / Келбес жерге кетиптир, / Жеталбадык аларга, / Деп айтып бар ханыңа / Катына катты Кененим, / Жазып койду бетине, / Айчыгы алтын чоң мөөрүн, / Басып койду четине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Терс айлантып торултуп, / Капканын кырка артууга, / Сары коонун түзүнө, / Алып барып таштады, / Сейтек жетип аңгыча, / Серпишип уруш баштады, / Айкөл Манас баатырдын, / Айчыгы алтын кызыл туу, / Белгини сайып таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кара байрак, алтын туу, / Айчыгы алтын кызыл туу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →