айтыш1

китептерде 137 жолу, 10 китепте
  1. Белгилүү бир маселе боюнча түрдүүчө ойлорун ортого салып, бири-бирине карата айтылган талаш-тартыш; диспут; дискуссия.
  2. Төкмө ырчылардын бири-бири менен алым сабак айтып, көпчүлүк алдында сынашып ырдагандары; сөз жарышы.
  3. Сөз кайтарып кагыша түшүү; каяша кылып, өйдө-төмөн дешүү, урушуп калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чалдар сырын айтышып, / Жүрүп кетти Козубек: / — Токсондо жашым бар болсом, / Тоодой болгон Калдыкты, / Томоро сайам мен болсом. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Башы ара, буту айры, / Бендеден бүткөн таш экен, / Айтышынча Кененим, / Барбаган жери аз экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ны салышты, / Кызымтал болгон кездерде, / Бир ооз болуп баарысы, / Көкчө менен сырдашып, / Таамай ыгын табышты: / — Агеркеч менен Алмамбет, / Алышкан жар – деп айтышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Торсолдой менен Сетертай, / Өткөрүп койгон кызматты, / Аны булар биле албай, / Өзүнүн ордун тапты деп, / Ажыбайдын Керменбай, / Эл чуркурап айтышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Анда баягы кемпир-чал бир бирине сүйүнчү айтышып, абдан кубанычта болушуп, той беришип, атын Камыр балбан коюшуптур. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →