айтым
- Айтылган сөз, бирөөнүн айтканы.
- адаб. Байыркы учурлардан ыр деген сөздүн ордуна айтым деген колдонулган, азыр да кытайдагы кыргыздар көбүнчө ыр дебейт, айтым дейт, эмгек айтымы эм-дом айтымы, дагы башка айтымдар дешет.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Атамдын аты Алооке, / Калдайлык менсеп бул күндө, / Өзүмдүн атым Коңурбай, / Төрөлүк кылам көп элге, - / Атым Коңур дегенде, / Ачуума мен чыдабай, / Катуу айтым ал жерде: / — Алты атадан бер жакка, / Ата конуш жер болуп, / Энчиге тийген биздерге, / Не келесиң бул жерге?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айтымуштун элинде, / Көйкап тоонун бетинде, / Акым, Шакым эки дөө, / Атагы бар ал экөө, / Алардын бар тукуму.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →