айтуучу
- Элдик чыгармаларды (эпосторду, жомокторду ж.б.) аткаруучу, айтып берүүчү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Качалы деп алдында, / Айтуучу киши сен белең?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Төлгөсүн тартып айтуучу, / Төлгөчүсү Төлөгү, / Актай далы көрүүчү, / Ашкере айкын билүүчү, / Алымдардын ал экен, / А дагы бирге бар экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…йүлүп, / Эңчеңдеп бери жүгүрүп, / Салкын жайлоо сыртта эмес, / Үйдө туруп күйүгүп, / Жүрүүчү элем өзүңдөн / Бир кеп угуп сүйүнүп, / Бойумда күмөн бардыр деп, / Айтуучу элең, Кылжыке, / Аны үчүн келдим алдыңа, / Аныктап сурап билерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бийлик сенде болсун деп, / Бири-бирден айтуучу, / Кошо келсең Таласка, / Билмексен болуп жатуучу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Акылда түшү жоктолуп, / Сүйлөбөй кыйла токтолуп, / Көзүн сүзүп, каш серпип, / Айтуучудай окшонуп: / — Турабыз мында он беш кыз, / Ата-энебиз асырайт, / Алты уруктун кызыбыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →