айттык
- Айтка даярдалган тамак-аш, айттап келгендерге көрсөтүлүүчү сый.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жашырар айла болбоду, / Жайын айттык бар иштин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кабарчы алты жайсанды, / Жаңыдан кошо канчаны, / Макилге кайта жумшады, / Баарын айттык башында, / Алып барган суугасын, / Эми жана угуңар, / Макил дөөнүн коогасын, / Түрүн көргөн жайсандар, / Туруп булар калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Катың берип сөз айттык, / Эл бийлеген чоңунан, / Бирин койбой чакырды, / Бизди жакшы сыйлады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Бир жылга толуп баратат, / Жүз миң аскер элүү эр, / Сейит менен кармаштык, / Теңдеше албай Сейитке, / Баарыбыз кылдык жармачтык, / Кол узараар бекен деп, / Эми өзүңө келип арз айттык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Жайыбызды айттык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →