айтор

китептерде 34 жолу, 5 китепте
  1. Айтылып өткөндөрдү кыскача жыйынтыктоо, корутундулоо же анын болжол, ачык эмес экендигин көрсөтүү иретинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төртөөбүздү өлтүрүп, / Бирибизди жиберет, / Амалы көп бала окшойт, / Айтор, сырын ким билет... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Азаматтан кем эмес, / Айтор оңой неме эмес, / Каңкорду карап элеңдеп, / Катуу жүрөт тепеңдеп, - / Артуу-артуу Сарыбел, / Аркырап аккан сары жел, / Арсактардан артылып, / Бир белестен караса, / Аккула менен албайып, / Эки этеги салбайып, / Алп мүчөсү көрүндү, / Ала тоодой дардайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айтор оңой иш эмес, / Көп кечикпей келсин” — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошондо меники акылсыздык, же балалык экенин билбейм, айтор көлдү кандай шумдук кылып сайрап жатса да Шадыкандын сөзү көңүлүмө бир конбоду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Чылгый тери ысык күнгө кургап, өпкө-боорумду куушуруп, кечки салкында кайра кенеле калып, айтор, алымды кетирип жүрдү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →