айткансы
- Айткан шекилди болуп, айткан өңдөнүп.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Хандык өкүм жүргүзүп, / Башын ал деп айткансың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элди баштап элеңдеп, / Бара жаткан Мөңкөтай, / Колун булгап Медеркан: / Токтой турчу бери, — деп, / Кечээ Мадыбек барып Ош жакка, / Кайтып келген кездерде, / Сен айткансың бир кепти, / Менин эсимден чыкпай жүрдү эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Сыр айткансып Шоорук хан, / Сыйпалатып угузуп, / Бир күнү эрте тургузуп, / Ырыскан көздөй жөнөдү, / Туйунуп калды Темир шаа, / Көзүнүн жашын чубуртуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мен айтамын, Көкчөкөз, / Сен айткансың канча сөз?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Машаадай болуп кыңылдап, / Бирдеме сүйлөп жаткансыйт, / Ооздору ормоңдоп, / Далай сөздү айткансыйт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →