айткандай
- Бир нерсени унутуп коё жаздап, кайра эстей калганда же айтылып жаткан кепке дагы бирдемени кошумчалоого, кыстара кетүүгө туура келген учурда айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ла, / Айткан ишти кылсаңар, / Кары- жашың калбастан, / Алдыдан тосуп чыксаңар, / Акылыңа төндүргүн, / Ушул бизден уксаңар, / Кылбасаңар айтканды, / Кылык кылам айткандай, / Каныңарды агызам, / Тегирмен эгин тарткандай!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сен Темирбек, байкагын, / Чын сырымды айтамын, / Айткандай кылам бар ишти, / Үкүз кепти айтпадым!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Тай жарышым калганда, / Кайра качты калдаңдап, / Эки этеги далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, / Алмамбет менден качты деп, / Арбагым андан ашты деп, / Акылы чындап шашты деп, / Алдыда минген Алгара ат, / Айабай камчы бир салат, / Бөрү тилдүү өткүр курч…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Катар өлүп кетти, деп / Түпкө Сейит жетти, деп / Тапан хандын оорагы, / Башынан качат экен, деп / Найзасын кармап бекемдеп, / Качырып Тапак барыптыр, / Өзү айткандай Тапактын, / Баатырлыгы аныктыр, / Бакырыгы баш жарып, / Баштан артып таш жарып, / Сейитке найза салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Баатыр менен ууру баягы шакекти ченчи айткандай жерге көөмп андан ары кетишти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →