айтал
- Айтканга, айтып жибергенге мүмкүнчүлүктүн бар экендиги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…еп, / Жин перини чакыр деп, / Жин баашасы Жылызы, / Алдырып келгин азыр деп, / Кызылкыз турду тостойуп, / Жылызды чакыр дегенде, / Бакшынын баары мостойуп: / — Айталбайбыз ага деп, / Жылыз келсе бул жерге, / Тирүү киши калтырбай, / Кырып кетет жана деп, / Чоңдугу Жылыз ал турса, / Келип калса бул жерге, / Кайда батат капыр?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кылчайып кайра тарталбай, / А деп кебин айталбай, / Жин тийгендей сулады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…шаша калдаңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтырап, / Корккондугу билинип, / Кол куушуруп турушту, / Көздөн жа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Суу ичип көзүн ачалса, / Көөнүндө кебин айталса, / Өзөгү сак экен, — деп, / Таң атканга жол жүрсөм, / Шашке маалда жетем, — деп, / Абакем Бакай, шер Чубак, / Абдылда бий, эр Сыргак, / Дан жедирбес бекен, — деп, / Канча күн жатып былк этпей, / Ичеги жыдып калды” — деп, / Ошол жактан кайгы жеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тик айталбай жалтактап, / Сейит турса жанында, / Жай айткан жалпак тил менен, / Коркурап кочкор үн менен, / Саймалап сөздү түр менен, / Кээ кезинде чочутуп, / Илмек түйүн сүр менен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →