айт2

китептерде 6360 жолу, 10 китепте айт 1 →айт 3 →
  1. Оюн сөз менен түшүндүрүү, бир нерсе жөнүндө баяндоо, сүйлөө.
  2. Кабар кылуу, бир нерсе жөнүндө кабарлоо, кабарлап чакыруу.
  3. Кээ бир элдик оозеки чыгармаларды (кошок, эпос, жомок, табышмак, жаңылмач ж.б.) аткаруу, көпчүлүк алдында баян этүү, сүйлөп же ырдап берүү.
  4. Диний түшүнүк боюнча башына кыйынчылык түшкөндө, андан кутулуу үчүн кудай жолуна деп бир нерсе арнай турганын, садага берерин билдирүү.
  5. Тангыч формада: айтпа, айткан жок «буюрбаптыр», «ылайык көрбөптүр» деген мааниде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайыр айтып, кош айтып, / Келген элди таратып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ “Кош, эмесе,” – деп айтып, / Кол тартышып Жакып бай, / Аттанып жолго салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Оодарылып шум дүйнө, / Ордуна турбайт бул дүйнө, / Колума бүгүн тийгениң, / Тирүүлөй этиң кескилеп, / Талатып итке ийейин, / Оозун жыйбай Каныкей,, / Кийиз кындан кыңырак, / Сууруп алды зыңгырап, / Кой, энеке, койгун, деп, / Кармай албай Гүлүстөн, / Айт, Канчоро, айткын, деп, / Шилиледи Керменбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бул тууралуу Шадыкан аркалуу да бир айттыргамын. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
"Сен туурдук менен чийдин ортосуна жат, сырттан бирөө келе жатса мага айт", – деп туурдук менен чийдин ортосуна таңып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →