айрым2
- Өзүнчө, бөлөк, жеке.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Батай менен Тобуке, / Беттешип калган экөө тең, / Заары күчтүү ачуу тил, / Бирине-бири өткөзүп, / Кектешип калган кеп менен, / Калмак, кытай деген кеп, / Эки айрым жык менен, / Шон үчүн Тобуке, / Кирген экен күч менен, / Найзаларды кезешип, / Кекенишип кездешип, / Бирден сайып өтүштү, / Тобуке, Батай беттешип, / Сыр алган…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бейжин менен башканын, / Айрымы ачык ар кимге, / Эки чоро ээрчитти, / Семетейге келгенде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чакырдым ашка келсеңер, / Айрым жерге түшүп бер, / Башка пейлиң бар болсо, / Ачык айтып жооп бер!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алтынды жезге теңейби, / Ал Семең менен Гүлчоро, / Айрымы жок дебейби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ал алтоонун артында, / Айрым жалгыз тартылган, / Көккөбө жибек тон кийген, / Көкала тулпар ат минген, / Айдаркан уулу Көкчө хан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →