айрылыш
- Суунун же жолдун бир нече тармакка айрылган, бөлүнгөн жери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Токтолбой жолго салалы, / Коросон менен испандын, / Айрылышар жеринде, / Ачамай жолдо туралы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Дүрүйө көйнөк шоодурап, / Караса көзү жоодурап, / Аркардай басып чойулуп, / Алагар көзү койулуп, / Агеркеч жетип артынан, / Буларды айтып таңшыган: / — Ач арстан, жолборстой, / Атка минип алыпсыз, / Арзан жумуш болбостой, / Айрылыш жолго салыпсыз, / Атадан бала таранчу, / Ардыгып кайда баруучу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Эки ногой айрылыш”, / Эмгичекти унутпай, / Комузчулар чертиптир, / Сары ногой Орусхан, / Бул дагы кыргыз уруудан, / Убара болуп ушундан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мынабу эки жолдун айрылышы бири Караколго кетет да, экинчиси Түптүн суусун бойлоп Сарытологой, Кең-Суу, Чоң-Ташты карай кетет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Аялынын сөзү менен кедей эки жолдун айрылышына келип, жоолугун жайып коюп, ага кумалактарды чачып салып олтура берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →