айрыла

китептерде 9 жолу, 6 китепте
  1. Айры менен сузуп көтөрүү, оодаруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жер кубалап, сай санап, / Урук кууп куда таап, / Жык айрылат алжайып, / Кызыл чеке чабышып, / Азамат өлөт дардайып, / Бузуктардын күнү тууйт, / Мурду көөп барбайып, / Ар кимиси өзүнчө, / Керилип басат чардайып, / Хандуу элде караан бар, / Чогуу турат калдайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эр Көкчөдөн айрылдым, / Алтымыштын жини үчүн, / Эненин сүтүн эмишкен, / Айрыла берем Манастан, / Эсирген Чубак сен үчүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куткарбас барсам мааналап, / Эшигине сагаалап, / Куткарбас жаш, мен кары, / Айрыламбы катындан? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эшикте булар көрүшүп, / Эки айрыла бөлүнүп, / Аңгычакты Кутургур, / Майдандан калды көрүнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ушунчалык болгон бейим, / Ажырашып Таластан, / Айрыла турган биздин чек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →