айрыкча
- Өзгөчө, бөтөнчө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айрыкча качат дөөлөт-бак, / Агып жүргөн кептерди, / Кулак төшөп тыңдасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Капташып калды казакка, / Айрыкчасы Медеркан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Аккула үнү чыкканда, / Кулуну калган эмедей, / Аттын бары аркырап, / Айрыкчасы Көктеке, / Күчөп-күчөп даркырап, / Аркалап келе жаткан ат, / Алдына чыкты жалтылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айрыкча турат эсимде, / Кармагының буура, деп, / Чуркагының турба, деп, / Чакчаңдап камчы чапканың, / Өз ордума жаткырбай, / Ороого айдап таштадың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Айрыкча, баатыр Сомбилек, / Айткан кепке кулак сал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →