айрык
- Кийимдин же башка нерсенин айрылып калган жери.
- Бир нерсе тийип, дененин айрылып, зыяндап калган жери.
- Кийимдин, чүпүрөктүн айрылып, бөлүнүп калган бөлүгү, айрындысы.
- Коктунун, капчыгайдын же суунун бөлүнгөн салаасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чыгышка агат баш айрык, / Түндүкө агат орто айрык, / Батышка агып бурулат, / Айагында бир айрык, / Чогулушуп үч айрык, / Иленин суусу аталып, / Тегеренип айланып, / Батышка кетет түз агып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жоодар угуп сөз кепти, / Кулакка жакпас куу кепти, / Кыл караны токунуп: / — Акылың акыл, Талпагым, / Кош жылгада Шапарды, / Эми талап алайын, / Жети айрык куйушта, / Андан кийин барайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Эрмен чөлү жок болсо, / Кыртыштуу тулаң чөп болсо, / Чарба үчүн ылайык, / Жайыты анын көп болсо, / Айрыктарын түбөлүк, / Ата уулу кылып бөлөлүк, / Кыйшыгы болсо душмандын, / Кыйындыгын көрөлүк, / Ат токунгун арстандар, / Айалдабай жөнөйлүк, - / Он бир жаштан бер жакка.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Бети көгала, мойнунда бир айрык бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кичүүсү Болгон күнү-түнү менен жол жүрүп, үч айрык жолго келет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →