айры1

китептерде 361 жолу, 10 китепте айры 3 →айры 5 →
  1. Чөп, саман же башка нерселерди сузуп көтөрүү, чачуу, чогултуу үчүн колдонулуучу бир нече ачалуу, узун сабы бар айыл чарба шайманы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…/ Ортосунда от күйүп, / Айкырган үнү угулуп, / Ачып көздү жумганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Таманына шиш кагып, / Тамтаңдатып жүргөндө, / Айрып алып Таласка, / Алып барып тактырсам, / Тузга сийип, чунак ит, / Арамдык ойлоп сен турсаң, / Азыр да кесем башыңды, / Жамандыкка көөн бурсам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Башы ара, буту айры, / Бендеден бүткөн таш экен, / Айтышынча Кененим, / Барбаган жери аз экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…уган булуттай, / Ак асаба туу чыгат, / Алдынан тосуп караса, / Коркуп калган Кокондук, / Аргымагын кекейтип, / Көк кебичин тепейтип, / Жүргөн экен жол менен, / Айры сакал Сынчыбек, / Алтымыш санча кол менен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каныкей айаш, Айчүрөк, / Айрылып барат кай жерге? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →