айран-таң

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Эч нерсени билбей, эч нерсеге түшүнбөй таң калгандык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ошончо бүлүк болсо да, / Ишарат болбой булардан, / Кыргыздын эли айран-таң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Шаар ичинде баары жан, / Өзү баштап жаңы хан, / Дабытай кайда кеткен, деп, / Булар болду айран-таң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ке, жүрү, деп, / Буурулду тартып калды эле, / Кайып кыздар чогулуп, / Ортосуна алды эле, / Гүлчородон Семейди, / Ажыратып ала албай, / Алда кандай адам, деп, / Айран-таң болуп калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →