айран-азыр

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Аң-таң, айран-таң.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргыздардын он төрт хан, / Хан Калдык баштап тогуз хан, / Айраң-азыр таң калды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айран-азыр калыптыр, / Чылбырынан канкоруң, / Жетелеп атты алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алмамбет кайдан айанды, / Төрдө жаткан Көкчөнүн / Төшөгүнүн айагы, / Сол тизесин тайанды, / Аш кайнамдай Алмамбет, / Алда кимди айтат деп, / Айран-азыр калганы, / Жадаганда Алмамбет, / Жайын сурай салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абайласа турган эл, / Ат ээсине жарашат, / Сыргактын түрүн ким көрсө, / Акылынан адашат, / Адамбы же периби, / Айран-азыр таң калат, / Коңурбай чыдап тура албай, / Бейжинди көздөй жөнөдү, / Байрагын кайра булгалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шай колдогон эр Гүлүс, / Айран-азыр калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →