айны

китептерде 26 жолу, 9 китепте
  1. Убададан тануу, айткан сөздөн кайтуу, баш тартуу, баштаганын аягына чыгарбай, айникейи кармаган абал.
  2. Мурдагысындай болбой, эс-акыл, ден соолук, жөндөмдүүлүк ж.б. жагынан начарлай түшкөн абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Акылымдан айныдым, / Сексен ашып карыдым, / Баштакыдай азыр жок, / Жаш кездеги калыбым, / Бирге жүрүп алгамын, / Эр Семетей, Күлүстөн, – / Ал экөөнүн таалимин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Таланадан айрылдым, / Белдүүдөн калбай баары өлүп, / Канатып сынып кайрылып, / Калмактан тартуу алганда, / Акылымдан айныдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Не болгонун билбедим, / Көөнүм айнып кирдедим, / Көзүм ачып карасам, / Жети кабат кене тор, / Ортосунда экенмин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Деп, ойлошуп калың журт, / Дудуктай тили байланып, / Кускусу келип, көөнү айнып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– "Эмитен жаңжал кылып жүргөн немелер мага кийин кой береби?"- деп төө айнып туруп кетип калды, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →