айнектей
- Айнекке окшогон, айнек сыяктуу.
- Мөлтүрөгөн, жакшынакай, күзгүдөй.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Анык тааный албады, / Айнектей жүзүн бир көрбөй, / Ичинде калды арманы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…менен Кененим, / Баштамак болду урушту, / Калмак Төбөй качырып, / Катуу тийди акырып, / Качырып урган найзаны, / Кагып ийип Кененим, / Качырып найза салбады, / Айнектей көзү жалтылдап, / Кененим карап турганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Ат чалдырып Ажатта, / Алмамбет калды ал жакта, / Жылкыны айдап эр Сыргак, / Бурулбай кетип баратса, / Алдынан чыкты бир дөбө, / Айнектей мейкин талаада, / Алмамбет айткан дөбө, деп, / Артымды карап көрөм деп, / Дайынсыз кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аркайган нечен тоо калды, / Айнектей нечен түз калды, / Аккан адыр суу калды, / Кайкалаган бел калды, / Караңгы токой чер калды, / Адыр-адыр жер калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Асаба көктө калкылдап, / Айнектей көзү жалтылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →