аймала
- Эриндер менен, тил менен жалмалоо.
- Жыттагылап өпкүлөө.
- өт. Илеби урунуп, тийип кеткен абал (шамалга, желге карата).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Оңоло түшүп кара бет, / Ойрон болгон катындай, / Тартынбастан кармалап, / Оңдоп-солдоп бетинен, / Өөп турат аймалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шамал чыкты аймалап, / Көз уйалтып гүл чечек, / Жердин бетин саймалап, / Көк кашка суулар шырылдап, / Көк мелжеп тоолор зымырап, / Көп жаныбар кыбырап, / Көптүгүнөн кымылдап, / Кө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →