айма

китептерде 22 жолу, 6 китепте
  1. Бурдап, жалмап сугунуу.
  2. Тырмап жулуу.
  3. өт. Өлтүрүү, жок кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…тырды деген бир жерде, / Жедигердин элине, / Капташып жолдо калыптыр: / — Хан Каракөз баштаган, / Канча миң аскер жайнаган, / Падыша Манас тукуму, / Багынчудай айматып, / Өлүмдөн башын тартпаган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аймангансып жүргүнчө, / Барбайт деген немине? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чоң атамды сойуптур, / Катынын жесир койуптур, / Атамдын аты Мадыкүл, / Жалгыз көз атка конуптур, / Манастын уулу Семетей, / Атамды аймап соруптур, / Кардыгач берген чоң тойдо, / Тайторуну суратсам, / Сейтеги бербей койуптур, / Ушул бүгүн ойлосом, / Кыргыздын шиши толуптур! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Абыкени аймады, / Көбөштү көргө киргизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Аркалап жетим баланы, / Чыйырды менен Каныкей, / Кара ханга барыптыр, / Темир тоодо жол тосуп, / Олуйа Бакай калыптыр, / Жаткан Бакай тим жатпай, / Сарытазды жиберип, / Каныштан кабар алыптыр, / Эр жетилип Семетей, / Элин колго алыптыр, / Эрегишкен эзелтен, / Абыке, Көбөш, Жакыпты, / Аймап Семей салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →