айлык

китептерде 49 жолу, 8 китепте
  1. Аткарылган иши үчүн ай сайын алып туруучу эмгек акы.
  2. Ай бою аткарыла турган, аткарылууга тийиш болгон.
  3. Бир же бир нече айды ичине алган мөөнөткө туура келген, ошондой мөөнөткө ылайыкталган мезгил өлчөмү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…тат, деп, / Жаман атка калбаска, / Кыргызга киши жиберип, / Урушта өлгөн эрлердин, / Бодоң баштап хандарды, / Андан башка калганды, / Кабар айтып угузуп: / “Үч айлык болсун аралык, / Анан уруш салалык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
– / Анда Ажыбай кеп айтат: / — Уктум эле Бейжинди, / Ары барыш алты айлык, / Бери келиш алты айлык, / Он эки айлык жолу бар, / Ошончолук оңу бар, / Таластагы төрөгө, / Жети күндө барарсыз, / Жети күндөн калсаңыз, / Желпинип турган Манастын, / Жекүүсүнө каларсыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…атырлар үнү бакылдап, / Тоо жаңырып заңкылдап, / Жана эки күн салышып, / Чыдаштык кылып тура албай, / Гүлчоро калды шалактап, / Алтайга минсе арыбас, / Карк үч айлык урушта, / Нойубаган талыкпас, / Суркойон калды далактап, / Куйруктары булактап, / Кутубайдын кара дөө, / Анда туруп муну айтат: / — Айланайын, абаке, / Кандай … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жарым айлык аламан, / Жаман кыргын эл болду! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Айлыгы эки сом. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →