айласыздан

китептерде 3 жолу
  1. Айла жоктон, айласы куругандан, айла кылууга мүмкүн болбогондуктан, амалсыздан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Эки жигит баланы айласыздан алып барып, киймин чечип алып, өзүн кое беришет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Байкуш бала айласыздан ыйлап кала берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Жалгыз уулу бар абышка-кемпирдин колундагы бирин-серин малын жут алып, күн көрүш өтө кыйын болуп, акыры ары карап ыйлап, бери карап күлүп, айласыздан баласын малайга бериш үчүн шаарга барышты. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →