айласыз
- Айла жоктон, өз эрки менен эмес, амалсыздан.
- Айла табылбаган, айла кылууга мүмкүн болбогон, айласы куруган.
- Эң, абдан, өтө эле, айлада жок, болжолсуз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айласыз турган ал Отор, / Абдан акыл ушул, деп, / Алдырып чыгып байлоодон, / Атын минип делбиреп, / Ачылып көзү жумулуп, / Ордого келди кеңгиреп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…түркүм нечен эл: / Орто жери ойулуп, / Төрт тарабы жайылып, / Дүрбү менен караса, / Чочколор басса аралап, / Алаштын эли жарылып, / Байрагын көрүп баатырдын, / Айласыз турган хандарың, / Баары жүрдү жабылып, / Караанын көрүп ал элдин, / Кыймылын көрүп бүт элдин, / Хан Бакай турду муну айтып: / — Каныш берген белек, — деп, / П…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арага киши салды деп, / Алданып ага калбайлы, / Айласыз турат Тапан хан, / Азыр барып кармайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ажырап калып Буурулдан, / Айласыз калса абакем, / Куткарып аны алалы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Андан мурун Калдуубет, / Айталаада алты күн, / Армансыз болуп салышкан, / Күчүн күчкө улашып, / Күркүрөшүп жабышкан, / Айласыз кирген Калдуубет, / Чыдай албай намыстан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →