айлап
- Ай сайын, айына бир жолу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
айлап» Алмам тоскону, / Тосконуна болбоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Ай, айлап” Жолой тоскону, / Тостурбай Күрөң озгону, / Байкаса баатыр Алмамбет, / Алдындагы жылкысы, / Токтолгондой окшоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…, / Сан кишиге баалаган, / Кол салышып бет келген, / Кутулбай тирүү бир адам, / Жайнаган калың топ болсо, / Жазайыл атка ок болсо, / Жазганып кайра жанбаган, / Айлап чапса кылычты, / Тарамышы талбаган, / Алдында минген Күрөңү, / Чаалыккансып калбаган, / Бул Манастын уулунун, / Барбаган жери калбаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кылычты шилтеп тартканда, / Тобу менен далайын, / Чөптөн бетер чапканда, / Кызыл кан суудай шар агып, / Эки айлап үч кирип, / Кийинкисин күч кирип, / Имерилип өткөндө, / Балталуу жаткан баш тартпай, / Найзакер жаткан ар кандай, / Кылычын кармап колуна, / Кыйшайып жаткан эл…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бала айлап, күндөп жүрүп олтурду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →