айланыш1

китептерде 12 жолу, 5 китепте айланыш 2 →
  1. Түз эмес, кандайдыр тоскоолдукту айланып өткөндүк (жол).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сибир менен айланып, / Жетисуунун жерине, / Жедигердин элине, / Төбөсү ылдый түшөм деп, / Айланыш жолго салыптыр, / Татырдыда кошуунга, / Саранжа келип калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ «Адамдуу жерди аралап, / Айланышып жүрбөйүн, / Үч күндө барам Багдатка, / Чөл жакалай жүрөйүн» / Деп Кененим аргытып, / Артынан чаңды баргытып, / Кетип барат каргытып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айал-эркек урушат, / Алкымдан сыга жулушат, / Ачуусу таркай келгенде, / Айланышып турушат, / Абалкы өткөн көп сөздөр, / Аны кайдан куушат? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аркамдан келер агам жок, / Айланышар бирөө жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айчүрөк анда кеп айтат, / Кеп айтканда нени айтат: / — Айланайын карылар, / Айлаңар көп, амал көп, / Айланышып туруңар, / Курсакка турбай кара баш, / Айтканыбыз оң болор, / Жакшы-жаман аралаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →