айланайын
- Бирөөгө жалынганда, эркелеткенде же кандайдыр бир өтүнүч, суроо менен кайрылганда айтылат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өжөр чыйрак Мадана, / Жаш баладай жүгүргөн, / Чигитейге жакындап, / Чукул кирип келгенде, / Көзүнөн жаш төгүлгөн: / — Айланайын өзүңдөн, / Карааныңды көрдүм мен, / Козголоң салган баарыга, / Кубатай деп угамын, / Кеңештеш киши эмесмин, / Эшиткен менин кулагым, / Оогандын ханы Ырыскан, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ — Айланайын абаке, / Акылдын кени береке, / Барып келдим үч үйгө, / Сурап жүрүп таппадым, / Арстан Манас канаке?- / Ажыбай антип жатканда: / — Менин атым жок экен, / Ал эмне болгон?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Амалы кетип Гүлчоро: / “Он төрт жылдан бер жакка, / Азап тарттык канчалык, / Абакем албай капарга, / Таарынып калган экен” деп: / — Айланайын абаке, / Таарынгындай жериң жок, / Амалсыз калган биздерге, / Он эки жыл зар болдук, / Убакты жок издерге!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ — Деп, айтканда Канчоро, / Каныкей айтат ошондо: / «Айланайын, балам, — деп, / Айтайын сөзүм саган — деп, / Кан чыккан эмчек, сүт чыкпай, / Саа салганда, балам, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Саатыңды кой айланайын!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →