айлана
- Борбордон бирдей аралыкта турган алкак формасындагы туюк тегерек сызык, курчоо.
- Курчап турган туш тарап, мейкиндик, теребел.
- Бир нерсенин тегерек-чети, тегереги.
- Бирөөгө же бир нерсеге таандык чөйрө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кудай урган кумпайгыз, / Сыйкыры артык шумпай кыз, / Айланасын аң кылды, / Кечип адам кете алгыс, / Түшүп кетсе кокустан, / Түбүнөн адам чыга алгыс, / Маңгытча сүйлөп барбактап, / Жедигерди аралап, / Желип жүрөт дардактап: / — Сыйкырым эми бузулса, / Бекбачадан жан калбайт, / Ала кач!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ойго түштү баатырың, / Оолугуп бала Чигитей, / Буулугуп ичин муң алып, / Айлана курчап жоо алып, / Асман тиреп заңкайган, / Үстүндө Алтай тоо алып, / Айагы жагы сыр койук, / Адамы жүргүс чөл алып, / Орто жери Арал көл, / Каз кечпеген көл а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ошентип Алмаң барганы, / Атын киши албады, / Өзү түшүп байлады, / Токтор менен Чайаны, / Айланасын бир карап, / Алмамбет көзү жайнады, / Ошентсе да достукту, / Жаман жакка кыйбады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…мөсү жакут, кохар таш, / Көз уйалып жалтылдап, / Айчүрөк жеңең ал турат, / Үй мүйүз тартып карашып, / Ак калпак кыргыз эл турат, / Кыз-келин күлүп шыңкылдап, / Айлана басып тосоттоп, / Боз улан турат кылкылдап, / Кара сууда балыктар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Айлана жымжырт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →