айлан

китептерде 454 жолу, 10 китепте
  1. Белгилүү бир чекиттин айланасында тегеренип жүрүү, тегеренип өтүү.
  2. Асман мейкиндигинде тегеренип учуу (куштарга, самолётко ж.б. карата).
  3. Бир нерсенин далдаасына, арка жагына карай имерилүү, имерилип өтүү.
  4. Өз огунда тегеренген абал.
  5. Курчоо, тегеректеп алуу.
  6. Кайрылуу, кайрылып келүү.
  7. Башка түргө өтүү, башка көрүнүшкө, сапатка, абалга өтүп өзгөрүү.
  8. Белгилүү бир өлчөмгө, деңгээлге жетүү.
  9. өт. Толуу, өзгөрүү. Белгилүү бир убакыттын өткөн же толгон абалы.
  10. Жакшы көргөндүктү, сүйгөндүктү билдирүү же жалынып-жалбаруу (эркелетүү маанисинде).
  11. Бирөөнүн же бир нерсенин жарабастыгын, начардыгын, кемдигин көрсөтүп, аны башкага салыштырып караганда «садага кетсин!» «куруп калсын!» деген мааниде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

хан, / Барып демиң алгын деп, / Өзү жатпай Калдык хан, / Барабанын кактырып, / Сурнайларын тарттырып, / Жоругун журттан арттырып, / Күзөт кылып аскерди, / Өзү айланып бастырып, / Испан менен оогандан, / Качабы деп шек кылып, / Көбүнчөсү Каракөз, / Эл бузат деп кек кылып, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кененим көрүп караанын: / “Келе жаткан Дабытай, / Келбей кайда барасың, / Эч айлаңды таба албай? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айланып артка болгончо, / Аттарын сабап чойгунча, / Капташа түшкөн бирөөнү, / Как далыга муштады, / Сыргак сайган оңобу, / Эңкейсе өйдө болобу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Канчорону келтирип, / Колу-бутун чечтирип, / Ичкиниң деп аш берип, / Бакай айтат бир кепти: / — Кызыталак, арам ит, / Атаң Чубак эр эле, / Эр уулу менен тең эле, / Атадан айлан, чунак ит, / Эмне болдуң сен эле?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →