айлакер

китептерде 24 жолу, 7 китепте
  1. Амалдуу, куу, айла тапкыч, эпчил.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Он беш ашуун күн болду, / Мен ал жерге баргалы, / Асыл эрдин көзүнө, / Көрсөтпөдүм карамды, / Күндө тыным алдырбай / Түндө чырым алдырбай, / Же чөпкө атын чалдырбай, / Жаман экен Көкбөрү, / Айлакер экен Каракөз, / Жаңылап киши чыгарып, / Кыйнады Асыл баланы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Билбейсиңер Каныкей, / Адамдан чыккан айлакер, - / Абаң айтып болгунча. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Арким алдайт турбайбы, / Акылдан азган карыны, / Артыкча айал айлакер, / Ар качан алдайт баарыны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күмбөзгө кирип караса, / Атасы Манас кеменгер, / Адамдан башка айлакер, / Алла таала колдогон, / Кан төгүүгө сайапкер, / Аккула минип маңкайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Кандын баласы эч нерсе билбеген, вазирдин баласы кыйын айлакер болот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →