айла

китептерде 537 жолу, 10 китепте
  1. Кандайдыр бир максатка жетүүнүн, талабын ордунан чыгаруунун же бир нерсеге себеп, шарт табуунун амалы, аракети.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Муну мындай таштайлы, / Канжалаган Калдыктын, / Айласынан баштайлы.. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элеп койбойт кененим, / Эчтемеден кайгы жок, / Элинде турган немедей, / Кудай артык жараткан, / Кененимди ченебей, / Арстан тууган каракөк, / Айласы журттан ашкан көп, / Талананын найзасын, / Балта менен какканы, / Балта тийген бул найза, / Асманды карай учканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ат берели, Алмамбет, / Биз жөө бассак да көрө, / Алп Жамгырчы, Балта дөө, / Сурап келсе бул экөө, / Бербей койор айла жок, / Сынчыны берди экөөнө, / Сынчыны алып келишип, / Беш жүздөн миң ат беришип, / Аттанып булар жөнөдү, / Жарлык ушул жүр дешип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айаш атам Момунжан, / Кашкардагы Токто сарт, / Чүрөк жеңем келтирди, / Бириңдин жараң бүтүрдү, / Бириңди бойго жеткизди, / Айла менен амалдап, / Таласка кайта келтирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жагалым ыйлап-сыктайт, айласы канча-көнөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →