айкөл
- Ак көңүл, адилет, кең пейил (көбүнчө Манаска карата колдонулуучу туруктуу оң эпитет).
- диал. Кыздардын мончоктон тизип жасалган, кооздук үчүн көкүрөккө тагына турган буюму, жасалгасы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айкөл Манас баатырдын, / Акылынын даанасы, / Кылган ишин карачы, / Токсон уруу түрк уулун, / Алтымыш уруу алаш деп, / Баш коштурган санаты, / Он төрт хан кылып чогултуп, / Тынган экен санаасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ак калпак кыргыз калың эл, / Ак чач болгон байбиче, / Ак сакалдуу карың кел, / Кызкалдактай гүлдөгөн, / Кыз-уулдун бары кел, / Айтып жатып айкөлдү, / Суусадым, келе кымыз бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Деп Дабытай айтканда, / Кененим айтат мамындай: / — Бирден-бирден келбегин, / Бириңди бириң көрө албай, / Бириндеп жүрүп өлбөгүн, / Атам Манас айкөл шер, / Алтымыш балбан дегениң, / Бир кишиче көрбөймүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…риң биздерге, / Өткөн иш өтүп болуптур, / Эндөөлүк кылып койуптур, / Эми Балтанын айткан сөзү бул: / — Алмамбет баатыр, угуп тур, / Элүү төрт илек кол келди, / Айкөл Манас зор келди, / Кара келди, хан келди, / Кары-жашы тең келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Такта олтурган Сейитек, / Оң жанында зор Бакай, / Сол жанында Гүлүстөн, / Бакайдын ары жагында, / Аташканы айкөл шер, / Атанган энең Каныкей, / Гүлчоронун жанында, / Айдай жеңең Айчүрөк, / Кат жазуучу үстөлдө, / Жалгыз өзү Керменбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →