айкырык
- Катуу кыйкырык, айкырып чыккан ачуу үн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Хан Каракөз дегенге, / Катуу жаман сөз айтты, / Кара жанын кашайтты, / Сөөктөн өткөн ачуу сөз, / Жан айабай Каракөз, / Кармап найза сермеди, / Айкырыгы таш жарып, / Аптыгып кирип келгени.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Айжаңжүн угуп бар кепти, / Ачуусу жанып бир кетти, / Айкырыкты салыптыр, / Эми алып таштап ал бетти: / — Келген бурут эл кайда?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Желмогуздун миң киши, / Айкырыгы таш жарып, / Кыйкырыгы баш жарып, / Сейитиге жабылды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Семетей балан дегиче, / Гүлчоро кеңеш бергиче, / Маңдайдагы Кутургур, / Айкырык салды элине, / Эл башкарган эрине: / — Бирине-бирин жеткирбей, / Тетиги турган үчөөнү, / Сайып алам эми эле!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Чубактын уулу Канчоро, / Ач айкырык, куу сүрөөн, / Ачуусу келсе кайран эр, / Жедигердин көп колун, / Жалгыз жүрүп жүдөткөн / Карала тулпар ат минген, / Кабаттап темир кийинген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →