айкыр

китептерде 74 жолу, 8 китепте
  1. Каарданып катуу кыйкыруу, айкырык салуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…й кантип барарды, / Өлтүрөйүн сени деп, / Өткүр найза колго алды, / Өжөрлөнүп өчүгүп, / Чоктой жанып ич күйүп, / Бактыбай менен Йобалы, / Ортосунда от күйүп, / Айкырган үнү угулуп, / Ачып көздү жумганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чиктей хандын эр Сакта, / Ээрдин кесе тиштенип, / Аманат жанга күч келип, / Жана тийди айкырып, / Найзасын булгап кезкерип, / Салтанаттуу кара көк, / Амалы журттан бөпбөлөк, / Күүлүү келген найзаны, / Сайдырбастан какканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ачууланып айкырып, / Ураанын айтып бакырып, / Бирин бири силккенде, / Жолум үйдөй топурак, / Обого чыгат чачылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
деп, / Айкырып калат үн салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— / Деп, ошентип Канчоро, / Ачууланып айкырып, / Ызырынып, шашылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →