айкын
- Даана, бүдөмүк эмес, ачык, так, белгилүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
— Дуулат баскын, сен да бас, / Менден Дуулат жакшыраак, / Жолду айкын билесиң, / Черченди карай баштап бак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Айкын талаа жери кең, / Ак муздан таажы кийинген, / Атагы чыгып дүйнөгө, / Ашкере дайын билинген, / Аркайган Алатоо калды!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Башынан билбес кишиче, / Башка жакка бурулуп, / Бастырып Алмаң калганы, / Киши көрүп койот, деп, / Эр Чубакты Алмамбет, / Бир шаштырып салганы, / Көз жеткис айкын талаада, / Куу казык деген бир тоо бар, / Куу казыктын башында, / Алмамбет, Чубак – эки шер, / Тегерегин караса, / Алоокенин Коңурбай, / Жыйырма батман туулгас…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айнектей талаа түздөрдө, / Айкындан өскөн эл болсо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Айкын түздө мен калдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →