айкел
- Адамдын чоюндан же чоподон уютулган тулкусу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күмбөзүн жакшы бүтүрүп, / Каныкей жүрчү күтүнүп, / Ичине жайын каздырып, / Өлө элек Манас барында, / Ага катырган айкел жашырып, / “Сөөгүн ачып каапырлар, / Өрттөп таштап кетет деп, / Көргөзбөй тирүү адамга, / Кыйаматтык дос болгон, / Кызыл арстан молдого, / Карыган Бакай абаңа,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жолборс менен шерлерден, / Айбандан чыккан эрлерден, / Айкелин таштан катырган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кылычты кармап чаппаймын, / Кыраан баатыр Семетей, / Атасы айкел Манастын, / Арбагынан жазгандым!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →