айкаш1
- Ээр-токумчан аттарды бири-бирине кайчылаштырып байлаштыруу ыгы.
- Эки тараптын бири-бири менен беттешкен кагылышуусу, уруш, салгылаш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…у, / Айнектей түптүз бел болду, / Анда турган көпчүлүк / Айласы кетип тел болду, / Адамдын көрүп көптүгүн / Акылы качып жоголду, / Аш берген курган кыргызга, / Айкашып турган бул аалам, / Алакандай тар болду, / Адамдын башы кылкылдап, / Асабалар калкылдап, / Атылып мылтык тарсылдап, / Ак албарс кылыч жаркылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Баатырдан көрчү арбагын, / Аллам берген оорагын, / Аккула минип жарашып, / Адамдын баары карашып, / Алп Коңурбай, Нескара, / Аңкаарып турат айкашып, / Арстаны анча келбесе, / Алмакчы элди чайкашып, / Нескара көзүн салыптыр, / Коңтөрө тиктеп калыптыр, / Коңурбай менен Нескара / Көрбөгөн мурун Манасты, / Көр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— Көгала атым көп эле, / Көңүлдө мындай жок эле, / Айкашка атым көп эле, / Акылда мындай жок эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыз-келин жолук булгашып, / Жар көрүшүп айкашып, / Карылар башка үйлөрдө, / Учаларды көтөрүп, / Сакалдарын чайкашып, / Байбиче куйрук кармашып, / Жеңе болгон катындар, / Жеңкетайын талашып, / Кыз Куйалы тойу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →