айкап

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Өкүнүч, өкүттө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыйамына келе албай, / Ичинде болуп айкабы, / Амал кылып канчалык, / Айла иштетип мынчалык, / Эч айласын таба албай, / Амалы кетип кыйналып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Хандар кайтып барганда, / Айкабы батпай эр Көкчө, / Катуу калып арманда: / “Хан Манас менен бажа элем, / Алмамбет менен дос элем, / Мына минтип Бейжинге, / Барбай калам дээр белем? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →