айкалыш

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Бири-бирине колун артып кучакташуу.
  2. Туура келген; бири-бирине төп келген, шайкеш келген, кыналышкан абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Акым менен Кененим, / Айкалышты кең түздө, / Адамдын баары айгине, / Көрүп турат тал түштө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жебеден мурун Жетилбай, / Акы дөөгө ал жетип, / Кол бошотпой найза уруп, / Айкалышып ушундай, / Жеткирбеди капырды, / Көкбукага ал мындай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…дө жаткан эр, / Нечен түркүн азапка, / Ээн талаада баткан эр, / Эбегейсиз алдоодон, / Эмгек тарткан кайран эр, / Алсыратып душманды, / Алып көнгөн баатыр эр, / Айкалышкан чанданга, / Кызыл кан аккан майданда, / Балакеттүү түндөрдү, / Балалык кылып көп жолу, / Басып далай өткөн эр, / Карчалышкан жулушта, / Кан чачышкан урушта, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күүгүм кире күн бата, / Элдин баары жуп жата, / Алтындан кылган такага, / Мамыктан кылган пахтага, / Семетей менен Чачыкей, / Айкалышып жатты эле, / Аркар менен кулжадай, / Бото менен ингендей, / Мойун алышып жатты эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Кыз-келин менен жаткандай, / Айкалышып канышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →