айдоочу
- Байгеге кошулган аттарды жерине чейин алып барып коё берүүчү адам.
- Арабага, сокого ж.б. чегилген атты башкарып айдап жүрүүчү адам.
- Транспортту (автомашина, самолёт ж.б.) же кыймылга келип, ордунан жылуучу техниканын түрлөрүн айдап башкарган, жүргүзгөн адам.
- Тоонун мергендерге кийикти чубатып берүүчү табигый ыңгайлуу жери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылга байлап жамбы атып, / Мергендин баары казканат, / Дүпүлдөтүп мылтыгын, / Зыркыратып жаа тартат, / Аңгычакты болбоду, / Чаабууга атты чубата.: / Күлүктөн күлүк таңдады, / Сынга толбой кээ күлүк, / Кермесинде калганы, / Чапкан атты санады, / Ат айдоочу жасоолу, / Тогуз жүз атты айдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
/ Жыйнасын алтын зарыңды, / Айдоочу арбын малыңды, / Коркконуңбу, чыныңбы, / Айабадың барыңды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Мыктаганы эки тешеге жетпеген жер айдоочу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Мурун апийимди Үрүмчү, Кашкар, Турпан, Кулжа-дан келген кытай, дунгандар гана айдаса соңку кездерде кынык алып кыргыздар да айдоочу болгон.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →