айдоо2
- Башка жакка жер оодарып, айдап жиберүү жазасы, сүргүн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Темир шааны Шоорук хан, / Эбин таап койуптур, / Шоорук ханды Таласта, / Курман кылып чунагың, / Мууздап аны койуптур, / Мөңкөтайың байлоодо, / Сен барасың, Медеркан, / Айлаң кетип айдоодо.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ — Айдоого келген, сен аскер, / Сенде жазык жок, – деди, / Жөн кишиге катышпай, / Жолуң менен кет, — деди, / Кайра келип калмактар, / Каңгайга барсак айдайт деп, / Куландын сары сайында, / Эсепке бизди албайт, деп, / Үч кошут менен жылдызга, / Үйүр алышып жердеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ал кайраты бар болсо, / Неге барган Алтайга, / Айдоого көчүп самсаалап?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алыска барсак биз айдап, / Айдоодо мал арыктап, / Баспай барса шалактап, / Кылаарың ушул беле, деп, / Турбасын кыргыз эл камап, / Ал жерден барып мал таппай, / Баргандар калаар каңгырап, / Өөдө карап кеп таппай,495 / Таманын тиктеп жер карап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Ушул бир-эки жылдан бери кыргыз жерине кытай, дуңгандар келип, элге апийим айдоо жайылган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →