айдарга
- Азоо бээни саарда камчыланар жагынын арткы бутуна илип, моюнга тартып байлай турган илмек жип, өрөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мен айтамын кеңешип, / Тилимди кабыл алыңар, / Үрбү менен Бокмурун, / Элебей мурда калдыңар: / Жакыптын уулу жайдарга, / Жаш кабылан айдарга – / Манаска кабар салыңар, / Чакырып келе калыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…гой кармап бекемдеп, / Жете барды Жолойго: / «Байгемди берип кеткин», — деп, / Анда Жолой мындай дейт: / — Чыгат болчу Ачбуудан, / Чыкпайт болчу Аккулаң, / Жаш айдарга үйрөтүп, / Мааникер менен сүйрөтүп, / Өкүм күлүк Мааникер / Арымдатып күчөтүп, / Чыкты дейсиң атыңды, / Ит уксун сенин датыңды, / Бекер чапкан эмесмин, / Ачбуу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк менен Семетей, / Алыстан жетип келгиче, / “Койгун, баатыр кечкиниң” / Сурадык канын дегиче”, / Сууруп алып шамшарды, / Ооз омуртка айдарга, / Оңдоп кармап имерди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →